Орусияда 16 жаштагы өспүрүм балка менен мектепке барды

Курск шаарындагы мектепке 16 жаштагы өспүрүм кол салган. Буга жоопсуз калган сүйүү себеп болгонун SHOT Telegram-каналы жазды. 

Курск шаарындагы № 54 мектепке эртең мененки саат 08:00 чамасында балаклава жана шляпа кийген мектеп окуучусу балка менен барып, эки терезени сындырган. Күзөтчү аны токтото албай, айгай баскычын баскан. 2 мүнөттүн ичинде бычак жана күйүүчү суюктук салынган баштыкты таштап, качып кеткен. 

Өспүрүм кармалган. Ал мурда ушул мектепте окуган, азыр башка мектепке барат. Алдын алам маалымат боюнча дал ушул мектептин окуучу кызын жакшы көрүп калып, бирок кыз анын сунушун кабыл албай койгон. Эмне үчүн ал балка менен мектепке барганын түшүндүрүп бере алган эмес. 

Кийинчерээк белгилүү болгондой, Курск мектебине кол салган 16 жаштагы Илья К. интернет аркылуу өспүрүмдөр үчүн кооптуу топко кошулган. Кол салуудан үч саат мурун өспүрүм топтун ураанын жазып, балка менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган.