Орусияда 21 жаштагы жигит 13 жаштагы кызды муунтуп өлтүрүп, сөөгүн катып койгон

Белая Холуница шаарынын 21 жаштагы тургуну 13 жаштагы кызды өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, полицияга Киров районунун тургуну кайрылып, кызынын дайынсыз болуп жатканын билдирген. Тергөөчүлөр кыздын акыркы жолу 21 жаштагы жигит менен жүргөнүн аныкташкан. Жигит кылганын мойнуна алып, полицияга маркумдун сөөгүн катып койгон жерди көрсөтүп берген.

Тергөөнүн жүрүшүндө 26-июнда мас абалындагы жигит кызды үйүнө конокко чакырган. Кыз жигиттин үйүнө келгенде жигит кызды муунтуп өлтүрүп, сөөгүн үйүнүн жанында курулуш жүрүп жаткан жерге таштап кеткен. «Тергөөчүлөр окуя болгон жерди карап, шектүүнүн кийимин жана уюлдук телефонун алышкан. Күбөлөр жана маркумдун апасы суралган. Кыздын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кылмыш ишин тергөө уланууда», — деп айтылат маалыматта.