Орусияда 24-март аза күтүү күнү деп жарыяланды

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Ал өз кайрылуусунда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн бардыгын жасаган Тез жардам кызматкерлерине, өрт өчүрүүчүлөргө жана куткаруучуларга ыраазычылык билдирди.

22-мартка караган түнү «Крокус сити холлдо» белгисиз адамдар концертке келген жарандарды аткылай баштаган. Кеминде 140 адам өлүп, 115и жарадар болгон, алардын арасында балдар да бар.