Орусияда 25-кабаттан кулаган 11 жаштагы бала аман калды

Орусия Федерациясынын Чувашия Республикасындагы Новочебоксарск шаарында 11 жаштагы бала 25-кабаттан кулап, бактыга жараша тирүү калды. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы жазды.

Тергөө комитетинин Чувашия боюнча тергөө башкармалыгынын маалыматына караганда, өспүрүм 25-кабаттагы балкондон үйдүн жанында токтоп турган Газель унаасына кулаган жана оор абалда ооруканага жеткирилген.

«Бүгүн, 18-мартта эртең менен 11 жаштагы эркек бала 25-кабатка көтөрүлүп, ал жактагы жалпы балкондон кулап кеткен. Азыр ооруканада оор абалда жатат»,- деп айтылат милициянын маалыматында.

Учурда кырсыктын себептери жана чоо-жайы такталууда.