Орусияда 26 жаштагы жигит ата-энеси менен бир тууганын өлтүрүп, үйдү өрттөп, өзүнө бычак сайган

Кубанда апасын, атасын, бир тууган агасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу «Российская газета» жазып чыкты.

12-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүнө Кореновский районундагы үйлөрдүн биринен өрт чыккандыгы тууралуу чакыруу түшкөн. Батирди кароонун жүрүшүндө мыкачылык менен өлтүрүлгөн үч адамдын — 80 жаштагы эркек киши, анын 71 жаштагы аялы жана алардын 41 жаштагы уулунун сөөгү табылган. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, алар балта менен чаап өлтүрүлгөн.

Бул факты боюнча Орусия Федерациясынын Жазык кодексинин 105-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүү катары 26 жаштагы жигитти кармашты. Ал өлтүрүлгөн үч жарандын уулу жана бир тууганы. Ошол эле учурда, шектүү өзүнө бычак сайган. Ал учурда ооруканада.