Орусияда 3 күндөн бери дивандан жылбай отурган эки жаранга диван белекке берилди (видео)

24-июндан баштап Орусиянын Белгород шаарында «Чыдаганга диван» аталышындагы сынак өтүп жаткан. Сынактын шартына ылайык, ким «даканса» жылбай диванда отурса, белекке диван берилмек. Дүкөндүн жетекчилиги 4 күнгө жакын диванда отурган эки жаранды жеңүүчү деп таап, экөөнө тең диван берүүнү чечти.

«Биз сынакты 18 саатка чейин болот деп күткөнбүз. Азыр 100 саат болуп кетти. Дагы эле эч ким орун бошоткусу келбей жатат. Андыктан сынакты токтотууну чечип, экөөңөрдү тең жеңүүчү деп жарыялайбыз. Ар бириңе бирден диван берилет», — деген дүкөндүн жетекчилиги.