Орусияда 4 классташына ок чыгарып, кийин өз жанын кыйган кыздын атасына дагы бир кылмыш иши козголду

7-декабрда Брянск шаарында № 5 гимназиянын 8-классынын окуучусу ок чыгарган. Ал эки өлүм менен аяктаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Алина аттуу кыз мектепке атасынын тапанчасын алып келип, бир нече жолу ок чыгарган. Кесепетинен ок чыгарган кыз жана анын бир классташы каза болгон.

Алинанын атасы 53 жаштагы Дмитрий кармалып, ага куралды этиятсыздык менен сактоо боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Ага кошумча өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү беренеси менен айып тагылды. Эми ал 1-берене менен 2 жылга, 2-берене менен 15 жылга жалпы 17 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кыздын жансыз денеси 9-декабрда жерге берилген.