Орусияда 4 күндөн бери «Чыдаганга диван» аттуу сынак өтүүдө. Ким дивандан жылбай көп отурса, диван белекке берилет (видео)

Учурда Орусиянын Белгород шаарында өзгөчө сынак өтүүдө. Ким аягына чейин суу ичпей, тамак жебей, дааратканага барбай эң көп убакытка чейин чыдап дивандан жылбай отурса 90 миң рублдук диван ыйгарылат.

24-июнь күнү Белгород шаарындагы жергиликтүү эмерек дүкөнү «Чыдаганга диван» аталыштагы сынак уюштурган. Сынакка алгач 6 киши катышып, учурда 2 киши калган. Шартка ылайык, алар ичпей, жебей, дааратканага да барбай ордунан жылбай отурушат.

Дүкөндүн өкүлү өздөрү да мындай жыйынтыкты күтпөгөнүн айтат. Ошондой эле катышуучу каалаган убакта туруп кетсе болорун жана ага белек катары жаздык, журнал столун же башка эмерек беришерин кошумчалаган. 4 күндөн бери дивандан жылбай отурган эки катышуучу 90 миң рублду алар бир ай иштеп табарын айтышкан.