Орусияда 42 жаштагы киши чогуу жашаган аялды баласы менен бычактап салган

Орусиянын Кемерово облусунда 33 жаштагы аял менен анын 8 жаштагы баласын бычактап өлтүрүүгө шектелип 42 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 23-июнда шектүү бирге жашаган аялдын үйүнө келип, эшигин тарсылдатып ургулап баштаган. Анын 59 жаштагы апасы эшикти ачканда, шектүү бычак шилтеген. Жабырлануучу коңшуларынан жардам сурап чуркаган. Ошол учурда ал үйдүн ичине кирип, чогуу жашаган аялы менен анын баласын бычактап салган. Андан кийин өзүнө кол салган. Жерине барган Тез жардам кызматы маркумдун апасына жардам көрсөтүшкөн. Ал эми шектүүнү милиция кармап кеткен. Ага 105-берене (эки адамды өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.