Орусияда аялды таанышы өлтүрүп, денени жиликтеп, кийин ыргытып жиберген

Пермде 35 жаштагы жергиликтүү тургун аялды өлтүрүүгө шектелип жатат. Ал кылмыштын изин жашыруу үчүн сөөктү жиликтеп салган.

Орусиянын Тергөө комитетинин Пермь аймагы боюнча тергөө комитетинен билдиришкендей, шектүү 43 жаштагы аялга кол салып, башка тепкен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Кылмыштын изин жашыруу максатында ваннада кол салган адам өлтүрүлгөн аялдын сөөгүнүн жиликтеп, коридордун астында жайгашкан жер астындагы бөлмөгө ыргытып жиберген. Тергөө уланууда.