Орусияда 45 жаштагы жаран 13 жаштагы кызды уурдап, жакындарын өлтүрүп салган

Иркутск облусунун Тайшет шаарында укук коргоо кызматкерлери 13 жаштагы кыздын уурдалышына жана анын туугандарынын өлүмүнө шектелген 45 жаштагы жаранды кармашты. Тергөөчүлөр анын камакка алынышын сурап сотко кайрылышкан. Бул тууралуу Российская газета жазып чыкты. 

Бир күн мурун аял киши милицияга кайрылып, кызына классташынан жардам сураган SMS келгенин айткан. Кыз Гагарин көчөсүндөгү үйдө аны чоочун киши кармап турганын жазган. Милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн дарекке келип, мектеп окуучусун таап, кылмышкер делген адамды кармашкан. Сарайдан кызматкерлер күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилери бар эки сөөктү табышкан.

Каза болгондор кыздын жакындары: 74 жаштагы таенеси (апасы ата-энелик укуктарынан ажыратылгандан бери кыздын камкорчусу) жана анын уулу. Эки адамдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Белгилүү болгондой, ишке катышы бар адам буга чейин өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде адам өлтүрүү боюнча соттолгон.