Орусияда 69 жаштагы киши көчөдө ок чыгарган. 2 жаштагы кыз көз жумуп, апасы ооруканага жаткырылды

Орусияда киши тапанча менен эки жашар кызды өлтүрүп, апасын жарадар кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 8-августта болгон. Щекино районунун Панарино айылында 1952-жылы туулган жергиликтүү тургун мас абалында көчөдө колуна 2 жашар кызды көтөрүп бара жаткан 42 жаштагы аял кишиге ок чыгарган. Алган жаракатынан улам кыз жеринде көз жумган. Ал эми кыздын апасы ооруканага жаткырылган. 

«Учурда кол салган адам кармалды. Жакын арада камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандоо маселеси чечилет», — деп кошумчаланат маалыматта. Бул факт боюнча 105-беренеге (жашы жете элек жаранды өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.