Орусияда адамды бензин менен тирүүлөй өрттөп жиберген аял 19 жылдан кийин кармалды

Орусияда мындан 19 жыл мурда адамды күйүүчү май менен тирүүлөй өрттөп жиберген аялдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу “Комсомольская правда» басылмасына укук коргоо органдарындагы булак билдирген.

Маалымат боюнча, 2002-жылдын ноябрь айында Зеленоград шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинде шектүү адам бир адамга күйүүчү май куюп өрттөп жиберип, ал жерден изин жашырып кеткен. Көп кабаттуу үйдүн жашоочулары жабырлануучуга жардам берип, Тез жардам кызматын чакырышкан. Бирок жабырлануучу ошол күнү эле реанимацияда көз жумган.

19 жылдан бери полиция шектүүнүн изине түшө албай, иш аягына чыкпай келген. 2021-жылдын июнь айында ыкчам иликтөө кызматкерлер жаңы маалыматтарды таап, бардык далилдерди текшерип, киши өлтүрүүгө шектүү жаранды кармашты. Кылмышка шектүү ошол эле аймакта жашаган 49 жаштагы Зеленоград шаарынын тургуну. Буга чейин ал кадимки жашоосун улантып келген. Учурда кылмыштын себептерин, 19 жыл мурда болгон окуя боюнча изилдөө иштери уланып жатат.