Орусияда акыркы суткада коронавирустан 697 адам көз жумду

Орусияда акыркы суткада коронавирустан 697 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Бул көрсөткүч Орусияда пандемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч. Мурунку рекорд бир күн мурун болуп, анда 679 бейтап каза болгон. Жаңы өлүмдөрдүн көпчүлүгү Москвада жана Санкт-Петербургда катталды.

Орусияда коронавирустун курмандыктарынын жалпы саны 137 262 адамга жетти.