Орусияда аскер учагындагы мүчүлүштүктөн улам 3 адам каза болду

иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Калуга облусундагы аскер аэродромунда Ту-22М3 учагынын катапульта системасы кокусунан иштеп кеткен. Анын кесепетинен 3 аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

«ТАСС» агенттиги билдиргендей, каза болгондордун ичинде полктун командири бар. «Парашюттарды ачууга тиешелүү бийиктик жетпей калгандыктан экипаждын 3 мүчөсү учактан секирип, жерге кулаганда оор жаракаттарды алышкан», — деп айтылат маалыматта.

Бирок «ТАСС» агенттигинин медициналык мекемелердеги өздүк булактары алардын бири тирүү калганын айтып жатышат. Окуянын бардык чоо-жайын тактоо үчүн аэродромго Орусиянын Аба-космос күчтөрүнүн комиссиясы жөнөтүлдү. Жергиликтүү тургундар жабыркаган эмес.

Ту-22М3 учагы ракета жана бомбаларды күнү-түнү, түрдүү аба ырайында жок кылууга ыңгайлашкан. Ошондой эле ядердик куралдарды алып жүрө алышат.