Орусияда аскердик учак кулады (видео)

Орусиянын Ставрополь крайынын Красногвардейский районунда алыс аралыкка учуучу Ту-22М3 учагы кулап түшкөнүн Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Кыйраган учактын учкучтары катапульта менен учуп чыгышкан. Экипаждын үч мүчөсү издөө-куткаруу тобу тарабынан эвакуацияланып, алар дагы бир учкучту издеп жатканын Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Учак ээн жерге кулап түшкөн. Бортто ок-дарылар болгон эмес. Кырсыктын алдын ала себебин аскер кызматкерлери техникалык мүчүлүштүк деп аныкташкан.