Красноярскта ата-эне 7 жаштагы кызына дүкөндөн спирт ичимдиктер уурдатып жүргөн. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазды.
Апасы менен атасы кыздын сумкасына спирт ичимдиктерин жана тамак-ашты салып, супермаркеттен чыгып кетишкен. Полиция мындай окуянын кеминде бешөөнү санаган. Жыйынтыгында кыздын атасы камакка алынып, апасы ата-энелик укугунан ажыратылган.