Орусияда аялын таарынтып алган киши 5-кабатка ат менен кирип барган (видео)

Кемерово облусунун тургуну аялы менен жарашуу үчүн 5-кабаттагы батирге ат минип барган.

Окуя Осинники шаарында болгон. Коңшуларынын айтымында, 33 жаштагы Сергей Антипов жубайы Екатерина менен уруша кетип, эртеси түнү ат менен үйүнө барган.

Baza билдиргендей, кийинчерээк ал киши полицияга жылкыны мурда иштеген фермадан алып, кайра алып барганын айткан. Ал бул кылыгы үчүн жазаландыбы же жокпу азырынча айтыла элек.