Орусияда Аяз ата балдардын көзүнчө 24-кабаттан кулап кетип, көз жумду (видео)

Челябинск шаарында кечээ, 21-декабрда Санта Клаустун кийимин кийген альпинист көп кабаттуу үйдүн балконунан кулап, ошол жерден каза болду. Бул тууралуу 74.RU басылмасы жазып чыкты.

Лесопарковая көчөсүндө жайгашкан имараттын 24-кабатынын балконунан Аяз ата кулап кеткен. Басылма жазгандай, үйдүн алдындагы кечеде костюм кийген альпинист бийиктиктен түшүп, балдарды куттукташы керек болчу. 

Видеодо балдардын «Аяз ата!» деп кыйкырганын угууга болот. Балкондун тосмосуна чыгып, арканга асылган Аяз ата кулап кеткен. Укук коргоо органдары жарандын аркандарды алмаштырып алганын билдиришкен. Ал 45 жашта болгон.