Орусияда бала бакчада ок атылды. Каза болгондор бар

Ок чыгаруу Ульяновск облусунун Вешкайма айылында катталып, жергиликтүү бийликтен төрт киши каза болгонун кабарлашты. Telegram-каналдар жана Интерфакс булагы билдиргендей, алардын арасында кеминде эки бала жана мугалимдин жардамчысы бар.

«Вешкайма айылындагы бала бакчага куралы бар адам уктоо саатында кирип келип, эки баланы жана бала багуучуну атып, андан соң өз жанын кыйган», — деп жазды «Интерфакс». Ульяновск облусунун бийлиги агенттикке ок атуу фактысын тастыктап, төрт киши каза болгонун кабарлады.

Telegram-канал алдын ала маалыматтар боюнча ок аткан 68 жаштагы Александр Дронин экенин, мылтык ага катталганын билдирди.