Орусияда көп аял алууга уруксат берген фатва кайтарылды

Орусиянын мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши көп аял алууга уруксат берген фатваны кайтарып алды. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Москвадагы мемориалдык мечиттин имамы Шамиль Аляутдинов Телеграм-каналына жазды.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Башкы прокуратуранын чакырыгы жана коомчулуктун реакциясынан улам кабыл алынган.

«Буга чейин Орусиянын Башкы прокуратурасы фатва салттуу орус руханий-адептик баалуулуктарын сактоо жана чыңдоодо мамлекеттик үй-бүлөлүк саясаттын мыйзамдарына жана принциптерине каршы келерин билдирген», — деп жазды Шамиль Аляутдинов.