Орусияда бир суткада коронавирустан 1211 адам көз жумду

Акыркы суткада Орусиянын аймагында коронавирустан 1211 адам көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Каза болгондордун эң көбү Москва шаарында катталган — 95. Ал эми Санкт-Петербургда 88 адам илдеттен көз жумду. Пандемия башталгандан бери 249 миң 215 адам көз жумду. Учурда 1 миллион 911 миң 117 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.