Орусияда эркек киши мигранттар жашаган жатакананы өрттөп жиберди

Орусиянын Тверск облусунда мигранттар жашаган жатакананы өрттөгөн адам кармалды.

Орусиянын облустук ички иштер министрлигинен билдиришкендей, окуя 20-октябрда болгон. Шектүү жатаканага бензин чачып, өрттөп жиберген. Өрттөн качкан жашоочулардын бири 2-кабаттын терезесинен секирип, жаракат алган.

Өрттүн кесепетинен бөлмө күйүп, жатакананын коридору жабыркаган. Келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыян келтирүү, беш жылга чейин эркинен ажыратуу) боюнча кылмыш иши козголду.