Орусияда ит дарыяга чөгүп кеткен ээсин күнү-түнү күтүп жатат

Башкирияда Белка аттуу ит төрт күндөн бери Уфа дарыясынын жанында чөгүп кеткен ээсин күтүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 24-ноябрда велосипедчен жаран үйгө барчу жолун кыскартам деп суусу муз болуп калган дарыянын үстүнөн өткөн. Муз жука болуп, жаран велосипеди менен сууга түшүп, чөгүп кеткен. Төртүнчү күн дегенде куткаруучулар 9 метр тереңдиктен жансыз денесин табышкан.

Ал эми ит ошол бойдон үйүнө барбай, дарыя жээгинде отурат. Маркумдун жакындары канча жолу аракет кылса да, ит кетпей койгон. Анын жээни Белканы үйүнө алып кетерин убада кылды.