Орусияда ит каза болуп калган ээсин 1 айдан бери күтүп жатат (видео)

Орусияда үй өрттөнүп, 62 жаштагы киши каза болгон. Анын ити үйдүн ордунан 1 айдан бери кетпей жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, 24-мартта жер үйдө өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен. Кесепетинен үйдүн ээси — 62 жаштагы кишинин жансыз денеси табылган.

Ошондон бери ит эч жакка кетпей, күлдүн үстүндө жатат. «Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери итти алып кетүүгө аракет кылышкан, бирок ал эч кимди жанына жолоткон эмес. Тынчсызданган жергиликтүү тургундар жалгыз итке тамак-аш, суу ташып келүүдө»,- деп айтылат маалыматта.