Орусияда жер төлөдө жашап семирип кеткен мышык арыктап жатат (видео)

Салмагы 17 килограмм болгон пермдик Крошик аттуу мышык арыктоо үчүн сууда чуркап, машыгып баштаганын ыктыярчылар Матроскин баш калкалоочу жайынын баракчасына жазып чыгышты.

Ыктыярчылар оорукананын жер төлөсүнөн семирип кеткен мышыкты табышкан. Алардын айтымында, ага баса албай калганча тамак бере беришкен. Мышык ветеринардык клиникада текшерилген, бирок денесинде ашыкча май болгондуктан УЗИге түшө алган эмес.

Эми ага жумасына 70 граммдан 150 граммга чейин арыктаган атайын арыктоо программасы жазылган. Ыктыярчылар Крошиктин процедуралары үчүн акча чогултуп жатышат.