Мамлекеттик Дума Орусияда жынысын алмаштырууга тыюу салган мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды. Жыйынга катышкан 386 депутаттын баары каршы болууга «макул» деп добуш берди. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы жазды.
Кабыл алынган мыйзамда хирургиялык кийлигишүүгө жана гормоналдык терапияга тыюу салынган. Ошондой эле документтерде жынысын өзгөртүүгө тыюу салынат. Буга чейин жынысын алмаштырган жарандарга бала асырап алууга тыюу салынып, никеси жокко чыгарылат.