Москвада шамалдан улам бир адам каза болгонун борбор калаанын мэри Сергей Собянин өзүнүн соцтармактагы баракчасында билдирди.
«Ооруканага 10 адам ар кандай жаракаттар менен жеткирилген. Бир адам каза болду»,- деп жазылат маалыматта.
Ал шаардык кызматтар шамалдын кесепеттерин жоюу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирип жарандарды этият болууга чакырды.