Орусияда катуу шамалдан улам кишини бак басып калгандагы видео тарады

Москвада шамалдан улам бир адам каза болгонун борбор калаанын мэри Сергей Собянин өзүнүн соцтармактагы баракчасында билдирди. 

«Ооруканага 10 адам ар кандай жаракаттар менен жеткирилген. Бир адам каза болду»,- деп жазылат маалыматта. 

Ал шаардык кызматтар шамалдын кесепеттерин жоюу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирип жарандарды этият болууга чакырды.