Орусияда коронавирус жуктурган адамдардын саны 6 миллиондон ашты

Акыркы сутканын ичинде Орусиянын аймагында 23 миң 770 адамдын анализинен коронавирус тастыкталды. Алар федерациянын 85 аймагынын жашоочулары. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Ошондой эле акыркы суткада 784 бейтап коронавирустун кесепетинен каза тапты. Пандемия башталгандан бери Орусияда жалпы 6 миллион 6 миң 536 адам коронавирус менен каттоого алынган. Алардын ичинен 5,3 миллион бейтап сакайды, 149 миң 922 киши көз жумду.

Учурда миллион 213 миң 638 адам медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болууда.