Орусияда коронавирустан бир сутка ичинде 300дөн ашык бейтап каза болду

Бүгүн, 28-мартка карата сутка ичинде Орусияда 9 миңден ашуун адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралууу жергиликтүү басылмалар өлкөнүн ыкчам штабына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда бир сутка аралыгында Орусиянын аймагында 336 адам коронавирустун кесепетинен каза тапты. Каза тапкандардын көбү Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан катталган.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Орусиянын аймагында жалпы 4 миллион 519 миң 832 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 97 миң 740ы илдеттен көз жумган.