Орусияда коронавирустун омикрон штаммынын 2 учуру аныкталды

Doctor in analysis lab holding sample of new strain of covid Omicron

Түштүк Африкадан кайтып келген орусиялыктардан коронавирустун омикрон штаммы аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости Роспотребнадзорго шилтеме берүү менен жазып чыкты.

«Буга чейин SARS-CoV-2 Түштүк Африка Республикасынан келген он адамдан табылганы айтылган, бирок вирустун варианттары дагы эле аныкталууда», — деп айтылат маалыматта.

Түштүк Африкада коронавирустун жаңы түрү аныкталды. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аны «кыйынчылыктуу» деп квалификациялап, омикрон деп атады. Эксперттер вирустун жаңы варианты олуттуу мутацияга гана кабылбастан, дельта штаммына караганда адамдан адамга оңой жугат деп болжолдошууда. Ондогон өлкөлөрдө омикрон штаммынын инфекциясы катталган. Кыргызстанда азырынча мындай учурлар каттала элек.