Орусияда кош бойлуу аялдарды эмдөөгө уруксат берилди

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 илдетинин оор өтүү тобокелдиги жогору болгон боюнда бар аялдарга «Спутник V» вакцинасын саюуга уруксат берди. Бул тууралуу министрликтин башчысы Михаил Мурашко билдирди.

Бир жума мурун Орусияда боюнда бар аялдардын арасында дагы коронавирус илдетин жугузуп алгандар кескин көбөйүп, расмий статистика боюнча 10 миңден ашканы кабарланган. 25-июнь күнү Орусиянын дагы сегиз аймагында бир катар тармактын кызматкерлерин милдеттүү түрдө эмдөө чечими кабыл алынды. Ошентип, милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүү тартиби 28-июндан тарта жалпысынан 18 аймакка киргизилди.

Орусияда соңку суткаларда 20 миңден ашуун киши коронавирус жугузуп алганы аныкталды.