Орусияда кубаттагычты скотч менен чаптап алып, телефон менен сүйлөшкөн жигит көз жумду

17 жаштагы жигит iPhone телефонунун кубаттагычынын кабелинен токко урунуп каза болду. Ал кубаттап жаткан телефону менен сүйлөшүп жаткан.

ЖМКлардын маалыматына караганда, Ногинск шаарынын Алексей аттуу тургуну (аты өзгөртүлдү) сүйлөшкөн кызы менен телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан.

Кыздын айтымында, күтүлбөгөн жерден жигит кыйкырып, андан кийин байланыш үзүлүп калган. Кайра байланышуудан майнап чыккан эмес.  «28-февралда эртең менен кулагынан ийнине чейин катуу күйүк алган жигиттин сөөгүн апасы таапкан. Күйүп калган жаздыкта телефон менен скотч чапталган кабель жаткан», — деп айтылат маалыматта.