Орусияда лифтте каза болуп калган адам 7 саат ошол жерде жаткан (видео)

Казань шаарында лифтте каза болуп калган адам ичинде 7 саат жата берген. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазды.

Маалыматка караганда, эркек киши лифтте өзүн жаман сезип, күтүүсүздөн каза болгон. Үйдүн жашоочулары эркек киши мас болуп жатат деп ойлоп, жансыз дене менен көтөрүлүп-түшө беришкен. Бир кошунасы анын дем албай жатканын байкап, полиция чакырган. Маркумдун жүрөгү оорулуу болгон.