Орусияда маймыл чечегинин биринчи учуру катталды. Оору Европа өлкөлөрүнөн барган адамдан аныкталган. Бул тууралуу Роспотребнадзор билдирди.
Маалыматка караганда, инфекция жуктуруп алган жаран ооруканага денесине бүдүрчөлөр чыгып жатканын айтып кайрылган. Ал обочолонуп, ооруканада жатат. Оору жеңил өтүп жатканы маалымдалды.
«Ал адам менен байланышкандар аныкталды. Алар да дарыгерлердин көзөмөлүндө жана оору алардан да аныкталса, керектүү жардам көрсөтүлөт. Учурунда башталган териштирүү оорунун тароосунун алдын алды», — деп айтылат маалыматта.