Орусияда МТС, Теле2, Мегафон жана башка операторлордун колдонуучуларында мобилдик байланыш жана интернет тармагында ири үзгүлтүк катталды. Көйгөйлөр Москвада, Санкт-Петербургда, ошондой эле Москва, Нижегородская, Ленинград, Свердлов облустарында жана Удмурт Республикасында байкалды.
Үзгүлтүк интернет-банктарга жана популярдуу онлайн кызматтарга да таасирин тийгизди. Колдонуучулар Google, Яндекс, ВКонтакте, Рутьюб сыяктуу платформалар иштебегенине нааразы болушууда. Т-Банк, Альфа Банк жана Сбербанк кардарлары интернет-банкингге кире албай жатышат.
Себептери азырынча белгисиз, операторлордон жана компаниялардан расмий комментарий келе элек.