Орусияда мектепке балка менен кол салган окуучу оюн ойноп жатканы айтылды

Челябинсктеги мектепке кол салуунун чоо-жайы белгилүү болду. Тактап айтканда, класска кол салган өспүрүм «өлүм квестинен» өтүп жатканын Tengrinews.kz жазды. 

Орусиянын Telegram-каналдары билдиргендей, 13 жаштагы өспүрүм химия сабагына балкадан тышкары бычак жана пневматикалык тапанча алып келген (кийин ал муляж экени белгилүү болгон), бирок аларды колдонгонго үлгүргөн эмес. 57 жаштагы химия жана биология мугалими класска кирип барып, балка менен туш келди уруп жаткан окуучуну зыянсыздандырууга жардам берген. Мугалим жеңил жаракат алган. Ошондой эле үч окуучу жабыркаган: бир кыздын башы жарылган, дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат.

Кол салган өспүрүм мектеп психологуна көрүнүп турган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал өз жанын кыюучу оюндун – өлүм квестинин катышуучусу болгон. Окуучу өзүн-өзү өлтүрүү менен аяктаган тапшырмаларды аткарып жаткан. Учурда өспүрүм кармалып, анын үйү тинтилип жатат. «Адам өлтүрүүнү уюштуруу» жана «Шалаакылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.