Орусияда мигрантка кол көтөргөн мамлекеттик кызматкердин кызматтан алынганы айтылды

Кечээ, 7-июлда социалдык тармактарда Орусиядагы Миграция департаментинин кызматкерлеринин бири иш кагаздарын жүргүзүү учурунда мигранттын курсагына чыканак менен уруп жатканы тартылган видео тараган. Видеону Москвада жашаган укук коргоочу Бахром Исмаилов социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

Москвалык укук коргоочу Бахром Исмаиловдун айтымында, 7-июлда Вести-Воронеж гезитинин кечки маалыматында Орусиянын Ички иштер министрлигинин Воронеж облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилиги ички иш-чара өткөргөндүгү кабарланган. Бул факты боюнча текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында Өзбекстандын жаранына орой мамиле жасаган кызматкер ички иштер органдарынан бошотулуп, анын жетекчиси дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Мигранттын да өздүгү такталган. Ал 2022-жылдын 1-июнунда Воронежге иштөө үчүн келген Өзбекстандын жараны болуп чыкты.