Орусияда мигранттар үчүн эмгек лагерлерин түзүү сунушталды

Орусияда мигранттар үчүн эмгек лагерлерин түзүү сунушталды Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, депутат Алексей Журавлев мигранттардын чөйрөсү криманалдашканын, бул маселени эмгек лагерлерин түзүү менен чечсе болорун айткан. «Бул чөйрөдө элементардык тартипти орнотуу маселеси агрессия жаратууда. Мамлекет тез арада миграциялык коркунучтарды нейтралдаштыруу менен алектениши керек», — деди ал. Саясатчынын айтымында, чет өлкөлүк кылмышкерлердин жазасы Орус жарандарына караганда демонстрациялык түрдө катаалыраак болгон эки схемалуу Кылмыш кодексин кабыл алуу зарыл. Ал чакырылбаган конокторду «өз ордуна коюу убактысы келди» деп эсептейт.