Орусияда мигранттардын балдары «Өчпөс отту» өчүрүшкөн. Эми алар ата-энелери менен чогуу өлкөдөн чыгарылат

Санкт-Петербургда үч мигрант бала «Өчпөс отту» кар менен өчүрүшкөн. Эми алар үй-бүлөлөрү менен Орусиядан депортациялоо алдында турат. Бул тууралуу Фонтанка жазды.

Окуя 10-декабрдын кечинде болгон. Басылма жарыялаган видеотасмада өспүрүмдөрдүн бири «Өчпөс отко» карды ыргытып, дагы экөө аны сүрөп жатканын көрүүгө болот. Полиция балдардын 10 жана 14 жаштагы эки бир тууган жана 12 жаштагы дагы бир бала экенин аныктаган. Балдар жана алардын ата-энелери коңшу өлкөлөрдүн биринин жарандары болуп чыккан. Базанын жазганына караганда, бул Өзбекстандан барган мигранттар. 

Текшерүү учурунда бул үй-бүлөлөр Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жашап жүргөнү белгилүү болгон. Буга байланыштуу эки үй-бүлөнү тең Орусиядан чыгаруу өтүнүчү менен сотко материалдар даярдалууда.