Орусияда мобилизацияга каршы нааразычылык акциялар өттү (видео)

Мобилизацияга каршы нааразылык акциялары Орусиянын шаарларында өттү. Сибирде жана Ыраакы Чыгышта эл камакка алынуудан коркуп, шаарлардын борбордук аянттарына ураандары жана плакаттары жок чыгышкан. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты. 

Екатеринбургда «Эмгек» аянтында “жарым-жартылай мобилизацияга” каршы өткөн митингде кеминде 40 кишини кармашкан. Аянтка эл чогула баштагандан 20 мүнөт өткөндөн кийин полиция кызматкерлеринин бири митингчилерге «уруксат берилбеген иш-чарадан» тарап кетүүгө 30 секунд убакыт берип жатканын айтты.

«ОВД-Инфо» укук коргоо долбоорунун маалыматына ылайык, Орусиянын сегиз шаарында Москва убактысы боюнча саат 17:00гө карата күч органдары “жарым-жартылай мобилизацияга” каршы демонстрацияда 66дан ашуун адамды кармаган.