Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар банк жана мамлекеттик кызматтардан пайдалана албай калышат

Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой “Коммерсант” басылмасына берген маегинде Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин реестри түзүлүп жатканын билдирди.

Горовойдун айтымында, бул жарандар реестрге киргизилгенден кийин унаа айдай албайт, банк кызматтарынан пайдалана алышпайт, мүлкүн каттай алышпайт, никени бузуп, никеге тура алышпайт, балдарды бала бакчага жана мектепке каттай алышпайт.