Орусияда мышык дүкөндөгү «жумушунан» куулду. Аны кайтарууга кол топтоп жатышат

Мышыктардын шаары деп аталган Калининград облусунун Зеленоградск шаарында Сергей аттуу мышыкты анонимдүү каралоодон кийин дүкөндөн кууп чыгышты. Бул тууралуу орусиялык басылма Лента.ру жазды. 

Дүкөндөгү тактада мышык бир нече жыл мурун суук аба ырайында кирип, ошол бойдон дүкөндө калганы жазылган. «Биз аны уктоочу жана иштеген жер менен камсыз кылганбыз. Бул мышык конокторду татыктуу тосуп алып, заматта өзүнө суктандырчу», — деп жазышат дүкөндүн кызматкерлери. Алар мышыкты кармоонун бардык тобокелдиктерин түшүнүшкөнүн, бирок ага катуу көнүп калгандыктан аны кууп чыга албастыгын кошумчалашты.

Бирок дүкөнгө каршы жигиттен Роспотребнадзорго арызы түшкөн. Кызматкерлер бул мышыкты көчөгө кууп чыгууга мышыкты жактырбаган бирөөнүн гана каалоосу эмес, атаандаштардын айласы болушу мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт. Эмнеси болсо да башкармалыктын токтому чыгып, мышык иштен алынышы керек болчу. Сергейди дүкөндүн кызматкерлеринин бири үйүнө алып кеткен. Бирок иштеп жүргөн мышыкка үйдө отуруп калуу оор болуп жатканын айткан.

«Подъем» басылмасы шаар тургундары Сергейдин жумушуна кайтып келиши үчүн 500дөн ашык кол топтошкондугун билдирди. Журналисттердин айтымында, мышык дүкөнгө күнүгө келип, киргизип коюшат деген үмүт менен эшиктин астында отурат.