Орусияда өбүшпөй койгон кызды өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды

Орусиянын Пенза районунун Мокшан айылында аны өбүүдөн баш тарткан окуучуну өлтүргөн деп шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Life Shot Telegram каналы маалымдады.

Маалымат боюнча, 14 жаштан 22 жашка чейинки мектеп окуучулары жана студенттер тобу шаардын сейил багында эс алышкан. Ошондой эле, ал жердеги спирт ичимдигин саткан дүкөндөн соода кылышканы да маалым болду. 17 жаштагы жигит 14 жаштагы мектеп окуучусун узатып коюну чечкен. Жаш жигит окуучу кызды өбүүгө аракет жасаган. Кыз каршылык көрсөткөндө, 17 жаштагы бала ызааланып кыздын башын жара чапкан. Андан сырткары жаш кыздын денеси бир канча айнектин сыныгынан жабыркаган.

Окуучу кыздын сөөгү табылгандан кийин адам өлтүрүүгө шектүү жигит кармалган. Ал окуя болгон жерден анча алыс эмес жерде достору менен олтурган.