Орусияда Алина аттуу окуучу мектепте 4 классташына ок чыгарып, андан кийин өз жанын кыйды (сүрөт)

Бүгүн, 7-декабрда Брянск шаарында № 5 гимназиянын 8-классынын окуучусу ок чыгарган. Ал эки өлүм менен аяктады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Алина аттуу кыз мектепке атасынын тапанчасын алып келип, бир нече жолу ок чыгарган. Бардык окуучулар эвакуацияланып, имарат полиция тарабынан курчоого алынган.

Акыркы маалыматтарга караганда, беш окуучу жабыркады. Экөө каза болду: жарадар болгон классташтарынын бири жана ок чыгарган окуучу кыз. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүмү “киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон.

Телеграм-каналдар жазган маалыматка караганда, ок чыгарган кызга классташтары зомбулук көрсөтүп жүрүшкөн.