Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР ТҮРКҮН ДҮЙНӨ

Орусияда өлтүрүлгөн 10 жаштагы окуучу Тажикстанда жерге берилет

11:11 18.12.2025
0
Орусияда өлтүрүлгөн 10 жаштагы окуучу Тажикстанда жерге берилет

Тажикстанда Москва облусундагы мектепке жасалган кол салуунун кесепетинен каза болгон 10 жаштагы Кобилджон Алиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

«Азия-Плюс» басылмасынын маалыматына ылайык, акыркы сапарга узатууга Шахринав районунун көптөгөн тургундары, ошондой эле Тажикстандын башка аймактарынан келген адамдар катышып жатышат.



  • 16-декабрь күнү эртең менен Москва облусунун Одинцово районундагы мектептердин биринде окуучу мектепке куралдуу кол салган. Ал имараттын ичинде жаш агызуучу газ баллонун чачып, андан соң күзөтчүнү жана төртүнчү класстын окуучусун бычак менен сайган. Каза болгон — Тажикстандын жараны, 10 жаштагы Кобилжон Алиев болгон. Киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Кол салган өспүрүмдүн ошол эле мектептин окуучусу экени аныкталган.

«Бүгүн саат 9:00дө полицияга мектептин окуучусу күзөтчүнү бычак менен сайып, жаш агызуучу газ баллонун чачып, андан соң он жаштагы окуучуну бычак менен жарадар кылганы тууралуу кабар түштү. Ал бала алган жаракатынан улам каза болду», — деп билдиришкен Москва облусунун полициясы.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кол салган ошол эле мектептин 15 жаштагы окуучусу Тимофей К. болгон. Ал кармалган. Орусиянын Тергөө комитети киши өлтүрүү жана киши өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Сурак жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, [кол салган өспүрүм] күнөөсүн мойнуна алууда», — деп журналисттерге билдиришти полициядан.

Каза болгон баланын аты Кобилжон Алиев болгон, ал Тажикстандын жараны экени белгилүү болду. Кобилжондун апасы ал окуган мектепте пол жууп иштечү. Жолдошу каза болгондон кийин ал эки баласын — Кобилжонду жана ошол эле класста окуган анын эгизин жалгыз өзү тарбиялап келген. Телеграм-каналдардын маалыматына ылайык, кол салуудан кийин Кобилжондун апасы уулдарын алып кетүү үчүн мектепке келген. Ал балдарынын бирөө өлтүрүлгөнүн билген эмес. Бул тууралуу ага ошол жерде эле айтышкан.

Кол салуу болгон күнү шектүүнүн «No Lives Matter» [Эч кимдин өмүрү маанилүү эмеc] деген жазуусу бар футболка кийип жүргөнү да айтылды. Бул интернеттеги зомбулукту жайылткан уюмдун урааны. Өспүрүм бардык аракеттерин камерага тартып турган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 17-декабрда билдирүү жасап, Дүйшөмбү бул кол салууну улуттар аралык жек көрүүнүн негизинде жасалган кылмыш деп эсептей турганын айтып, жаранына каршы жасалган чабуулду кескин айыптады.

Орусиянын Тажикстандагы элчиси Сергей Григорьев ТИМге чакырылып, ага тез арада, объективдүү жана бейтарап иликтөө жүргүзүүнү, ошондой эле кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды мыйзам чегинде жоопко тартууну талап кылган нота тапшырылды.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Улуу Британияда аял көтөрүп чуркоо боюнча турнир өттү

Улуу Британияда аял көтөрүп чуркоо боюнча турнир өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:12 10.03.2026
0

Жеңишти Финляндиядан келген жуп жеңип алды — сыйлык катары аларга бир бочка эль (салттуу сыра түрү) берилди. Бул дүйнөлүк мелдеште эркек...

Аятолла Али Хаменеинин уулу Ирандын жогорку лидери болуп шайланды

Аятолла Али Хаменеинин уулу Ирандын жогорку лидери болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:54 04.03.2026
0

Өлтүрүлгөн аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Ирандын жаңы жогорку лидери болуп шайланды. Мындай чечимди шииттердин жогорку диниятчыларынын 88 өкүлүнөн турган...

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:17 03.03.2026
0

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгыштагы аэропорттор үч күн жабык болуп, ал учурда миңдеген каттамдар токтотулду. The Guardian басылмасы муну пандемиядан...

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:48 03.03.2026
0

ТАСС агенттиги авиадиспетчердик чөйрөдөгү булакка таянып билдиргендей, Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери Дубайдын эл аралык аэропортунан биринчи жүргүнчү учагы учуп...

Серепчи: «Иран бүткүл Борбордук Азиянын экономикалык тагдырын өзгөртүшү мүмкүн»

Серепчи: «Иран бүткүл Борбордук Азиянын экономикалык тагдырын өзгөртүшү мүмкүн»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:12 02.03.2026
0

Аятолла Али Хаменеи каза болгондон кийин Иранда 40 күндүк аза күтүү жарыяланды. Экономист Алмас Чукин болуп жаткан окуялар Иран үчүн...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү