Орусияда саясатчы Алексей Навальныйды колдогон митингдерде 100дөн ашык адам кармалды

Бүгүн, 31-январда Орусиянын бир нече шаарларында камакта жаткан саясатчы Алексей Навальныйды колдогон митингдер өтүп жатат. Акцияга чыккан 145 адамдын укук коргоо органдары тарабынан кармалганы маалымдалууда.

Ошол эле учурда Орусиянын бийлиги абактагы саясатчы Навальныйды колдоо иретинде нааразылык жыйындарга чыга турган жарандарга “Көчөгө чыкпагыла, бул жыйындар – мыйзамсыз” деп алдын-ала эскертүү таратып жатат.

Өткөн аптада да «Навальныйга эркиндик!» деген ураан менен Орусиянын 110дон ашуун шаарында акциялар болуп өткөн эле. Анда 3 миңден ашуун адам кармалган болчу.