Орусияда өрттөн улам жашаган жеринен ажыраган аюу куткаруучулардын тамагын жеп кетип турган (видео)

Нягандан 180 чакырым алыстыкта ​​жашаган аюу токойдогу өрттүн кесепетинен жашаган жеринен ажырап калган. Басылмалардын маалыматтарына караганда, аюу тамак-аш үчүн өрт өчүрүүгө катышкан куткаруучулардын лагерине барган. 

Түнкүсүн ал өрт өчүрүүчүлөргө барып, алар камдап койгон тамактарды: консерваларды, куймактарды жана башка азыктарды жеп турган. Куткаруучулар муну тамаша менен кабыл алып, өрттөн жабыркаган «кошунасы» менен тамактанып турушкан. «Лагерде биз 19 киши болчубуз, Миша 20-болду», — деп тамашалашат куткаруучулар. 

Алар аюуну кууп салууну пландабаганын да белгилешти. Бирок алар жарыялаган видеолорго караганда, куткаруучулар жырткычтан алыс болууга аракет кылышат.