Орусияда өз уулуна батирин бергиси келбеген апа аны өлтүрүүгө буйрук берген (видео)

Пенсионер өз уулуна Москвадагы батирин бербеш үчүн аны өлтүрүүгө буйрук берген. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты. 

Мурас боюнча чырдан улам аял киши өлтүргүчтү 1 миллион рублга жалдаган. Бирок киллер буйрукту аткаруунун ордуна полицияга кайрылган.

Ыкчам кызматкерлер адамдын өлүмүн жасалмалап, «өлүктү» сүрөткө тартып, атүгүл 500 миң рубль алдын ала төлөмдү алышкан. Андан кийин апасы кармалган. Эми ал 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.